Кыргыз жеринде жасаган кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн жаран Хакасиядан кармалды

Кыргыз жеринде жасаган кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Хакасия Республикасынын аймагынан кармалганын 3-октябрда орусиялык ЖМКлар жазды.

Маалым болгондой, 26 жаштагы жаран Кыргыз жеринде жасаган кылмышы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104 (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) жана 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөгө алынган.

Октябрь айынын башында ал Хакасия Республикасынын полиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда аны Кыргыз жерине өткөрүп берүү аракеттери каралып жатканы айтылды.

Ал эми кармалган жаран боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги азырынча маалымат тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан