с Бул тууралуу 4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андагы маалыматка караганда, аталган шаардагы Коммунист деп аталган көчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден өрт чыккан. Батирдин 4 чарчы метр жыгач полу жана төшөнчүлөр күйгөн.
Ал эми өрттүн кесепетинен 1972-жылы туулган П.А. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилип, учурда өрттүн себеби такталууда.