Чемпиондор лигасы: "Наполи" Иньсиньенин голу менен "Ливерпулду" утуп алса, "Барселона" "Тоттенхэмди" утуп алды
4-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 2-туру жыйынтыкталды. Анда 2-мелдеш күнү оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши орун алды.
Бул күнү Неймар 3 гол, Гризманн 2 жана Месси 2 гол киргизип айырмаланышканга жетишсе, Ракитич мыкты соккусу менен айырмаланды. Ошондой эле, Ливерпуль Наполиге утулуп калса, "ПСЖ" "Црвена Звезданы" 6:1 эсебинде утуп алды.
"Тоттенхэм" (Англия) - "Барселона" (Испания)
Англиядагы "Уэмбли" стадионунда орун алган "Тоттенхэм"-"Барселона" беттеши испаниялыктардын жеңиши менен аяктады. Бул беттеште эсеп саны 2-мүнөттө эле ачылды. Жорди Альба айып аянтчанын ичинен топту кабыл алып, Филиппе Коутинього чыгарып берүү жасады. Коутиньо мүмкүнчүлүк менен пайдаланып эсеп санын 0:1 кылды. 28-мүнөттө Коутиньо дарбазачы менен бетме-бет келип сокку узаткан, бирок аны дарбазачы кайтарып, Коутиньо пас чыгарганга жетишип калды. Коутиньо чыгарып берген топту Иван Ракитич кооз сокку менен голго айлантты. Буга 52-мүнөттө Гарри Кейн гол жаратып, жооп кайтарса, 58-мүнөттө Лионель Месси айып аянтчанын сыртынан сокку жасап, эсепти 1:3 кылып койду. 67-мүнөттө "Тоттенхэм" кайрадан голдордун айырмасын төмөндөттү, Ламела алыстан узаткан соккусун Тер Штеген тосо албай калды. Эсеп 2:3. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Альба атаандаштарынан топту тартып алып, Мессиге чыгарып берүү жасады. Месси дарбазачы менен бетме-бет келип, таамай соккусу менен эсепти 2:4 кылды. Муну менен "Барселона" 2-жеңишине жетип, Месси голдордун санын 5ке жеткирди.
"ПСЖ" (Франция) - "Црвена Звезда" (Сербия)
Париж шаарындагы "Парк де Пренс" стадионунда жергиликтүү "ПСЖ" сербиялык "Црвена Звезда" командасын кабыл алды. Беттештин соңунда франциялык команда атаандашын ири эсепте утуп алды. 20-мүнөттө сербиялык оюнчулар оюн эрежесин бузуп, "ПСЖ" айып сокку аткарганга мүмкүнчүлүк алды. Мүмкүнчүлүк менен Неймар колдонуп, анын таамай узаткан соккусун дарбазачы тосо албай калды. Эсеп 1:0. Арадан 2 мүнөт өтүп, Неймар кайрадан айырмаланганга жетишти. Мбаппе айып аянтчага чыгарып берүү жасап, Неймар узаткан соккусу менен эсепти 2:0 кылды. 37-мүнөттө Эдисон Кавани алыскы аралыктан сокку узатып гол жаратты. 5 мүнөт соң Томас Мёнье Ди Марияга мыкты чыгарып берүү аткарып, Ди Мария эсепти 4:0го айлантты. 70-мүнөттө Мбаппе дарбазанын орто бөлүгүнө сокку узатса, дарбазачы топту тосо алган жок. Эсеп 5:1. 74-мүнөттө "Црвена Звезда" Марко Мариндин голу менен жооп бере алса, 81-мүнөттө Неймар өзүнүн 3-голун киргизип эсепти 6:1 кылып койду.
"Наполи" (Италия) - "Ливерпуль" (Англия)
Италиянын Неаполь шаарында жергиликтүү "Наполи" англиялык "Ливерпуль" менен ойноду. Беттештин негизги убактысында командалар гол киргизгенге бир топ абал жаратканы менен футболчулар гол киргизгенге үлгүрбөй жатты. 90-мүнөттө "Наполинин" чабуулу гол менен аяктады, Иньсинье Кальехондун чыгарып берүүсүнөн кийин гол киргизгенге жетишип, командасынан жеңиш алып келди. Муну менен италиялык команда акыркы мүнөттөрдө жеңишти илип кетти.
4-октябрга караган түнү орун алган калган беттештер төмөнкүдөй жыйынтык менен аяктады:
"Боруссия" (Германия) - "Монако" (Франция) - 3:0;
"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Брюгге" (Бельгия) - 3:1;
"ПСВ" (Голландия) - "Интер" (Италия) - 1:2;
"Локомотив" (Орусия) - "Шальке" (Германия) - 0:1;
"Порту" (Португалия) - "Галатасарай" (Түркия) - 1:0.