Кыргыз Республикасынын ТИМи Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Кыргыз жараны каза болгонун кабарлады. Маалыматка караганда, каза болгон жаран аял. Бирок министрлик аялдын өлүмүнүн себептерин ачыктаган жок.
"Кыргыз жаранынын өлүмү 29-сентябрда катталган. Анын өлүмү боюнча тергөө иштери Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. БАЭдеги Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги Абу-Даби шаарынын тийиштүү органдары менен байланышта иш алып барууда. Ошондой эле маркумдун туугандары менен дагы байланышта болууда", - деп жазылат маалыматта.
Учурда элчилик жана ТИМ маркумдун сөөгүн Кыргыз өлкөсүнө алып келүү маселесинин үстүнөн иш алып барууда.