Ысык-Көлдө 3 жаштагы кыз ойноп жатып агынды суулар топтолгон чуңкурга түшүп кетип каза болду. Бул маалыматты бүгүн, 5-октябрда облустук милициядан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, каргашалуу окуя 29-сентябрь күнү Түп районундагы айылдарын биринде орун алган. Анда короодо үйдүн ичинен чыккан агынды суулар топтолгон чуңкурга 3 жаштагы кыз түшүп кеткен.
"Кызды үй-бүлө мүчөлөрү байкабай калышкан. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү, бул кырсык. Кызды куткарууга мүмкүн болгон эмес", - деп билдиришти облустук милициядан.