Базар-Коргондо кызматкерине ок чыгарган Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчисинин соттук ишин кайра жандандыруу каралып жатат
Базар-Коргондо кызматкерине ок чыгарган мурдагы жетекчинин соттук ишин кайра жандандыруу каралып жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, окуя 2015-жылдын 13-ноябрь күнү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон районундагы башкармалыгынын жетекчиси менен бөлүм башчысынын ортосунда жаӊжал чыгып, курал колдонулган. Ок атуудан Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын 1964-жылы туулган Таалайбек Исаев аттуу тургуну 3 жолу баш сөөгүнөн жана 1 жолу оӊ колунан жаракат алган. Ок чыгарган Эмилбек Тарыхчиев райондук Мамкаттоонун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Эмилбек Тарыхчиевдин куралды алып жүрүүгө мыйзам чегинде укугу бар экени аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын 2015-жылдагы билдирүүсүнө караганда, бул окуя боюнча алгачы Кылмыш жана Жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
"Президент Сооронбай Жээнбековдун Кочкор-Ата шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда Базар-Коргон районунун жашоочусу Таалайбек Исаев иш бөлмөсүндө сабап жана аны травматикалык тапанча менен бир нече жолу аткан райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевге карата козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кайрылган.
12-сентябрда басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бардык материалдар изилденип, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилгенин билдирген.
Башкы прокуратурадан алынган маалыматка ылайык, кароонун жыйынтыктары боюнча азыркы кезде жабырлануучу Таалайбек Исаевдин соттун чечимдерин жокко чыгаруу жана жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра жандандыруу тууралуу арызы Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан каралып жатат.
Жалал-Абад облустук сотунун өкүмү боюнча Эмилбек Тарыхчиев Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (атайылап денеге анча оор эмес зыян келтирүү) боюнча 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок мурда жарыяланган мунапыска байланыштуу Тарыхчиев жаза өтөөдөн бошотулган", - деп айтылат маалыматта.