Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жайгашкан менчик бала бакчада тарбияланган бала сабалды деп соттук-медициналык экспертиза дайындалды. "Уулум сабалды" деген арыз менен милицияга баланын атасы кайрылган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан тастыкташты.
Белгилүү болгондой, 3-октябрда милиция кызматкерлерине арыз менен 2014-жылы туулган баланын К.К. аттуу атасы кайрылган. Анда ал менчик бала бакчадагы уулун 32 жаштагы С.М. аттуу тарбиячысы сабап койгондугун билдирген. Сабалды делген балага медициналык кароо жүргүзүлүп, анын денесинен көк ала тактар табылган эмес.
Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери улантылып жатат. Ал эми экспертизанын жыйынтыгы 10 күндүн ичинде даяр болорун милициядан билдиришти.
Айта кетсек, 26-сентябрда Бишкекте менчик бала бакчада 5 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасаган деп бакчанын кызматкери кармалган. Анда 5 жаштагы кызга бала бакчада иштеген 32 жаштагы эркек кызматкер сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасагандыгы жазылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.