Каржы полициясы 77 миллион сом өлчөмүндөгү бажы төлөмүн төлөбөгөн ишкананы аныктады

Өлкөгө 9 миллион долларлык желим куйма даярдоочу компьютердик программалык камсыздоосу бар жабдуу алынып келип, бирок ага кошумча нарк салыгы төлөбөгөн ишкана аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кошумча нарк салыгын төлөбөгөн "К.Т." ишканасы тарабынан мамлекеттик бюджетке 77 миллион сом зыян келтирилген.

“Алар салык мыйзамдарынын жогоруда аталган кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу ченемин колдонушуп, Прибалтика өлкөлөрүнөн ташып келген жабдууларды өндүрүштүк максаттар үчүн колдонбостон кайра сатуу үчүн өлкөдөн чыгарып кетүүнү көздөшкөн. Муну менен бирге “К.Т.” ишканасынын жетекчилиги тарабынан аталган жабдуулар ташылып келингенден бери колдонулган эмес”, - деп жазылат маалыматта.

Салык кодексинин 259-беренеге ылайык, өндүрүштүк максаттары үчүн чет өлкөдөн алынып келинген жабдуу кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан