Кара-Сууда мындан 15 күн мурун милициядан качып "жүгөрү талаасына жашынган" делген автоматчан кылмышкер Караколдон кармалды

Кара-Сууда мындан 15 күн мурун милициядан качып "жүгөрү талаасына жашынган" делген автоматчан кылмышкер Ысык-Көлдөн колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бир нече кылмыштарга катыштыгы бар, издөөдө жүргөн кылмышкер кечээ, 4-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан колго түшүрүлгөн. Кылмышкердин жанынан кутучаларга салынган 20 даана гашиш болгон. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Chagylgan2
2018-10-05 13:30:41
Биздин оперлер 1 жумадан бери 40 гектар жугоруну оргуча, бул эргулдар Караколго келе беришиптир да, "дун" калбады деп, оперлерди кутуп отурбай.....

Кимде кимдин талаада жугорусу орула элек болсо, тартынбай 102 номерине чалсанар боло берет... (тамаша)...))
+25
Iridiym95
2018-10-05 13:53:19
Chagylgan2,эртереек билгенимде ордуртуп алмакмын. Мейли ээми кийинки жылы бир отделенияны чакырып ордуртуп алам.
+2
taalai1008
2018-10-05 21:25:28
Chagylgan2,Чоп чаптырып алса болот бекен?
+5
Dembele84
2018-10-05 13:54:34
Озу 15 кундон бери жашырынып качып журсо,анан дагы жанына 20 даана гашишти да салып журот беле,бул оперлердин баягы эле подставасы.Чонтогуно наркотик тыга калмай или олтуруп колуна бычак кармата калмай.
+32
TalaCSKA
2018-10-05 14:01:12
Розыскта журсо кайдагы гашиш ?! жомок айтпагылачы !
+22
barakcha
2018-10-05 23:25:21
TalaCSKA,келесоого да белгилуу да.Подстава деп койот муну.
+7
raykray
2018-10-05 15:19:31
Качып жургондо эле билгенда колго баарибир тушоорун анан гашиш мн каёып жургорун??!
+5
Zhoro
2018-10-05 15:24:01
Жогорку жактагылар качса кармалбай эле калышатко
+10
bond02
2018-10-05 15:35:01
Гашиш кимдики деп 3 жолу кыйкырып койдунарбы?
+15
nazi25
2018-10-05 15:54:10
Жакшы эле адамдай го көрүнүшү
+8
Bayazet
2018-10-05 18:42:43
Автоматын сатыптырбы а
+7
monster_high_98
2018-10-05 22:38:38
Ооба,мен да окшото албадым кылмышкерге,бирок кеп анда деле эмес,кеп "биздикилерле"баарибир камалат деп подстава кыла бериштин кереги жок го
+5
besha
2018-10-05 22:51:48
Казактардын обезьянкасынан качкан болгону,
+1
barakcha
2018-10-05 23:26:22
Милицияга кунун тушпосун!
+2
Azamat_15
2018-10-06 01:03:06
Ушул тууганынарды атып кеткенде корот элем милицияны сындаганынарды
-3
Ayida
2018-10-06 12:20:12
Фотодон карап жакшы эле адам деп ойлойсун адам
+1
Erik.kainashov.kg
2018-10-06 13:09:33
Булар адамды лох кылатта. Гашиш дегенин кара. Издоодо жургон адам наркотик боюнча соода кылып журуптурда э
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан