ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндө эки унаа сүзүшүп, Матиздеги 6 адам оор жаракат алды. Аудинин айдоочусу мас абалында болгону айтылууда" дейт окурман

"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ош облусунун Өзгөн районунда бүгүн саат 13:20лар чамасында эки унаа сүзүшүп кеткенин билдирди.

"Карама-каршы тилкеде келе жаткан Ауди үлгүсүндөгү унаа менен Дэу Матиз сүзүшүп кеткен. Матиздеги 6 адам оор жаракат алып, аларды Өзгөн райондук ооруканасына алып кетишти. Матизде 3 аял, 2 эркек болгон. Колдорунда бала бар экен. Баланы да оор абалда ооруканага жеткиришти. Ауди үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу да, ичиндеги бир жүргүнчүсү да мас абалда экен", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Өзгөн районундагы жол кырсыгында эки унаа сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars88
2018-10-05 16:16:53
Мас эмес эле карвалол ичпеппи.Текшерип коюшсун убагында 1 жылдан кийин мас эмес болчум дейт
+3
wirintai27
2018-10-05 18:19:59
Матизге 6адам кантип батты экен?Кичине бала да бар дейт?Тообо...Арак -бардык жаман нерселердин башаты!
-2
CEO1
2018-10-05 21:10:10
wirintai27, алдында айдоочу менее бир жургунчу, артта 3 жургунчу, бироосунун колунда наристе. Эмнесине тан каласын?!! Белгилуу маршрут менен каттаган такси матиздердин баарында эле бул корунуш. Артта 3 адам, кээде кпй биринин колунда наристеси болот.....
+1
CEO1
2018-10-05 21:12:36
Ушуга окшогон акмакарды дароо камап салыш керек... Башка олколордо соту дароо эле болот. Бизде эле куноосу 100 процент кашкайып турса да соту айлап жылдап созулуп акыры актап жиберет же тосмо арыз жаздыртып кылмыш ишин кыскартып жиберет, адам каза болгон кылмыш ишинде да.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан