Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жаштардын демилгеси менен аялдамалар оңдолуп, кайрымдуулук дүкөнү иштеп жатат. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу "Мырза-Аке-Жаштар" биримдигинин мүчөсү Нурлан Көккөзов билдирди.
"Ушул жылдын март айында жаштар биримдигинин демилгеси менен ачылган акысыз кайрымдуулук дүкөнү учурда иштеп жатат. Бул дүкөн уюмдун алгачкы баштаган жумушу. Жакында айылга 5 аялдама жасап, орнотуп бүттүк", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.