Орусияда Кыргыз жаранынын 5 миллион рубль акчасын каракчылар тоноп кеткени айтылып жатат

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жаранынын 5 миллион рубль акчасын белгисиз адамдар уурдап кетишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 4-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Карауль көчөсүндө жайгашкан банктардын биринде болгон.

Анда белгисиз бет капчан 3 адам 1992-жылы туулган Кыргыз жаранын банкка кирип келе жаткан жерден ок атуучу курал менен бутка атып, колундагы акча салынган баштыгын тартып алып качып кетишкен. Андан соң каракчылар жеңил унаага түшүп окуя болгон жерден из жашырышкан.

SUPER.KG порталы болуп өткөн окуя боюнча Екатеринбург шаарындагы Кыргыз консулдугуна байланышканыбызда, алар бул боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

“Болуп өткөн окуя жана иликтөөнүн жүрүшү тууралуу расмий маалымат алуу иретинде Башкы консулдуктан тиешелүү полиция бөлүмүнө кайрылуу жибердик. Азырынча так маалымат келе элек. Ошого карабай полиция бөлүмүнүн жетекчиси менен байланышка чыгуу аракети көрүлүүдө”, - деди башкы консулдуктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
CEO1
2018-10-05 21:01:52
Силер чалып сураганга чейин колунун учун да кыймылдатып койбоптур да консулдук. Хотя бы полицияга чалып тактоого жарашпаптыр.....
+7
Pandora
2018-10-05 21:10:21
Калп болуп чыксын кудайым
+2
Matahara1980
2018-10-05 21:19:46
Кыргыздар эле тоноп кетсе керек
+15
Tyty1990
2018-10-05 21:30:41
Өзүнүн эле тааныган билгендери
+13
Megapoliz
2018-10-05 22:20:45
Урматуу админ мен Екатеринбург шаарында иштеймин консульстводо образованный адамдар иштесе жакшы болмок барсан эле асманды тиктетебей бир нече Жолу баргам орунду мамиле жасашпайт
+14
Modric10
2018-10-06 08:15:25
Megapoliz,ошону админге айтасынбы
-4
Megapoliz
2018-10-05 22:22:08
Бизге консульствонун вообще кереги жок кыргыздарга пайдасы тийбегенден кийин
+8
Jelezo
2018-10-05 22:33:27
Консулстводо иштегендер мамлекетен айлык алып элге,мамлекетке пайдасы жок өздөрүнүн бизнеси менен алек болуп кана жүрүшөт.
+7
Koichuman
2018-10-05 23:19:50
Тоногон адам жакын сырдашкан адамы болуп чыгат.Ошол куну акчаны алып бара турганын билген тар чойродогу адамдар кылган.
+7
Aquarius84
2018-10-05 23:40:23
Крауля кочосу
+1
AKCAHAT
2018-10-06 03:04:05
Ууруну каракчы тоноптурда. Жон адамдар 5млн каяктан
-8
Modric10
2018-10-06 08:17:53
AKCAHAT,бизнес ишинде 5 млн акча болот да.акча перевод кылгандарда ушундай крупный акчалар болот. билбей туруп эле суйлой бербе ууру деп
+3
Take_men
2018-10-06 08:39:07
AKCAHAT,5 млн руб 75 миң $ болот.мындан көп акча айлантып иштеген коммерсант жаш балдар көөп эле Кудайдын кулагы сүйүнсүн
0
RusMos76
2018-10-06 08:44:45
Озунун эле жанында жургон адамы, банкка салганы бара жатыптыр, мен кундо эле банкка барам 1000р салганы же алганы, кудай сактасын эч ким тоной элек.
0
Alia82
2018-10-06 13:48:45
RusMos76,)))
0
ernst_beliydom
2018-10-06 10:22:02
Маалымат катары айта кетейин. бир жума мурун бир кыргыздын 10 млн рубль акчасын машинадан уурдап кетти. Андан аз кун отпой эле дагы бир жердешибиздин 8 млн акчасын тоноп кетти. Эртеси куну ушул баланын 5 млн акчасын тоноп кетишти. мунун баары Екатеринбург шаарында болду.
+1
ady-88
2018-10-06 19:00:16
Кыскасы кыргыз кыргызды эле тоноп жатат,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан