Бишкекте 15 жаштагы кыз ийне сайылгандан кийин каза болгон

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1-сентябрь күнү №8-бейтапканада 15 жаштагы кыз ийне сайылгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы бүгүн, 5-октябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, өспүрүм невропатологдо дарылоодон өтүп жаткан.

"Азыркы тапта милиция тергөөгө чейинки иштерди аткарып жатат. Экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы чыккан соң өспүрүм эмнеден улам каза болгону белгилүү болот", - деп билдирди маалымат кызматы.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы атайын түзүлгөн комиссия окуянын чоо-жайын тактап жаткандыгын билдирди.

"Бул жерде дарыгердин күнөөсү барбы же жокпу укук коргоо органдары жүргүзгөн тергөө ишинен кийин белгилүү болот. Азыркы тапта комиссия эмне болгонун аныктап жатат", - дейт маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ziash85
2018-10-05 20:01:48
Воздух кирип кеткен окшойт аа
+2
Koichuman
2018-10-05 23:24:01
ziash85, воздух кирген же сайган суюктук ыссык жерде сакталып калган. Реакция журуп кетет ошол убакта олушу мумкун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан