ЖЫЛНААМА, 6-ОКТЯБРЬ: Коомдук талкуудан түшпөгөн түштүк кореялык актёр Ю А Ин 32 жашка толду

Бүгүн түштүк кореялык актёр Ю А Ин 32 жашка чыкты. Ал 1986-жылы 6-октябрда Кореянын Тэгу шаарында төрөлгөн.

Актёр көпчүлүккө 2010-жылы жарыкка чыккан "Соңкюнквандагы ызы-чуу" сериалындагы образы менен менен таанылган.

“Соңкюнквандагы ызы-чуу сериалынан.

Фильмографиясына үңүлсөк, Ю өзүнүн эң мыкты образдарын "Пунч" тасмасында (2011), "Сүйүүнүн жашыруун интригасы" мелодрамасында (2014), "Ардагер" боевик тасмасында (2015), "Так" драмасында (2015) жана "Алты ажыдаар" тарыхый телесериалында (2015-2016) жана башка фильмдерде жаратып күйөрмандарын таба алган. Ал тасма талаасында 14 сериалда жана 14 фильмге тартылган.

Карьерасы

Ю кичинекей кезинен тарта чоң сахнада ырдоону кыялданган.

2003-2005: Сахнага алгачкы кадам жана тыныгуу

Ю А Ин деген каймана аты менен алгачкы жолу 2003-жылы жарнамага тартылып дебют жасаган. Кийин Ю А Ин өспүрүмдөр жөнүндөгү "Sharp 1" аттуу телесериалда роль жаратат. Бат эле режиссёрлордун көзүнө түшүп "Апрелдеги өбүшүү" жана бир актылуу "Шиэун менен Су-ха" драмаларына тартылган.

Ушундан көп өтпөй Ю актёрдук чеберчилигинде тыныгуу жасап, экрандан алыстап кеткен.

Ал бул туурасында: "Мен аз убакытка өзүмдү таануу үчүн жана чыгармачылык канчалык деңгээлде маанилүү экенин түшүнүү үчүн экрандан кеттим. Бул аралыкта актёрдук чеберчиликтин мага тийгизген таасирин сездим жана андан келечегимди көрө алдым. Алдыда ишке ашырчу максаттарым көп", - деген.

2006-2009: Экинчи дебют

Сахнага кайтуу менен дароо эле индиялык режиссёрдун "Келечектин балдары" аттуу фильминде роль жаратып, 2006-жылы Пусан киносынчыларынын сыйлык тапшыруу аземинде "Эң мыкты актёр" наамын багынткан. Актёр бул тасма жөнүндө: "Эгер актёрдук карьерамдын картинасын жаратсам, бул образым анын ичинен сөзсүз орун алышы керек", - деп айткан.


2010-2013: Атактуулуктун өсүшү

Атактуулукту Юга 2010-жылы тартылган "Соңкюнквандагы ызы-чуу" сериалы алып келген. Мунун артынан эле 2011-жылы эң популярдуу фильм аталган "Пунч" тасмасына тартылган. Корей актёрлорунун аксакалы Ким Юн-сеук актёр тууралуу "ал алдыдагы 10 жылда Корей тасма талаасындагы эң белгилүү актёрлордун бири болот" деген.

Ю кезектеги ролдорун "Моданын падышасы", "Спутник кыз" тасмаларында жараткан.

2014-2018: Тасмада жана телеберүүдө

2014-жылы "Жашыруун роман" фильминде өзүнөн улуу аялга жолуккан акылдуу жигиттин образын чагылдырат.

2015-жылы "Ардагер" криминалдык триллерине жана "Так" трагикомедиясына тартылып сыйлыктарга татыган.

Ошондой эле биринчи жолу "Лайкка лайк" аттуу романтикалык комедияга тартылып, 2018-жылы Ли Чан-дондун "Жалын" тасмасында сүйүктүүсүнүн жашыруун сырларына кызыгат. Аталган фильмдин бет ачары 2018-жылы Канн фестивалында болду.

Жеке жашоосу

2017-жылы Юнун сөөгүндө залалдуу шишиги бар экендиги аныкталган. Андыктан аскердик мөөнөтүн өтөөгө барбай калган. Үй-бүлөлүк абалы - бойдок.

Коомдук талкуудан түшпөгөн актёр Түштүк Кореяда өзүнүн саясий жеке көз карашы менен белгилүү болуп, социалдык тармактарда сын-пикирлерге байма-бай кабылып турат. 2017-жылы Юнун аялдардын укугун коргоого каршы пикири күйөрмандары арасында кайчы пикир жаратып, актёрдун эл алдында кечирим суроосу менен аяктаган.

2018-жылы Ю дагы бир жолу мындай окуяга кабылган. Ал Түштүк Кореяга 2017-жылы жайылган "Мен дагы" ("Ме Тоо" - дүйнө жүзүнө тараган жаш кезинде сексуалдык зомбулукка кабылгандарга көңүл айтуу максатында колдонулган хештег) кыймылына болгон каршы пикирин социалдык тармактарга билдиргенден кийин кызуу талкуунун чордонунда калган.

6-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан