Бишкектин сыртында куураган чөп өрттөндү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арчалуу тоосунда куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өрт 5-октябрь күнү Байтик баатыр айыл аймагына караштуу Байгелди айылындагы Арчалуу тоосунан чыккан.

"Өрттү өчүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында саат 04:32де Аламүдүн райондук №1-өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 кызматкер тартылган. Саат 05:05те Сокулук районунан дагы 9 куткаруучу ошол аймакка жиберилген. Жалпысынан 28 куткаруучу иш алып барды. Дагы кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз кызматкери.

Аталган өрт Бишкек шаарынан да көрүнүп, калаа тургундары аны сүрөткө тартып алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Fortuna1987
2018-10-06 23:43:08
Уйумдун терезесинен корунуп жатат.
0
Fortuna1987
2018-10-06 23:44:32
Эми тоо калды эле орттонбогон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан