Ысык-Көл облусунун Даркан айылында 30-сентябрдан 5-октябрга чейин Карга акенин 300 жылдык мааракесине карата манас айтуу иш-чарасы болуп өттү. Бүгүн да иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу иш-чаранын катышуучуларынын бири билдирди.
"Кыз куумай учурунда ат жолунан чыгып кетип, четте көрүп турган кыздын колун сындыра сүздү. Жабырлануучу эсин жоготуп, кулап түштү. Андан сырткары уюштуруучулар желегибизди жыртып, пайдаланышыптыр. Бул кайдыгерликпи?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.