Чүй облусуна караштуу Байтик айыл аймагында 450 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Аламүдүн районуна караштуу Байтик айыл аймагындагы Байгелди айылынын Арчалуу тоосунда 5-октябрда саат 22:33 чамасында куураган чөп күйүп баштаган. Өрттүн кесепетинен болжол менен 450 гектар аянттагы куураган чөп күйгөн.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 60 куткаруучу, жалпысынан ӨКМдан 155 куткаруучу тартылган. 7-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Саат 09:56да өрт чектөөгө алынып, саат 11:57де толук өчүрүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматы.