Токтогул районунун Үч-Терек айылында 5 жарым килограмм салмакта ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу төрөтканада эмгектенген Нургүл Сурбашова "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу билдирди.
"Мен дагы сиздер менен жакшы кабарымды бөлүшкүм келди. 7-октябрда саат 12:55те Токтогул районунун Үч-Терек айылында Ч.Орозов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүндө 32 жаштагы келин үчүнчү баласын 5 килограмм 500 грамм салмакта аман-эсен жарык дүйнөгө алып келди. Ушул төрөт бөлүмүндө 18 жылдан бери акушер кызматында эмгектенем. Бул төрөт абдан оор өттү. Бирок ийгиликтүү болуп сүйүнүчтөн көзүбүзгө жаш алдык", - деди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.