Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Анда 1 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жеткирилди. Окуя катталганын Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү тастыктады.
Маалым болгондой, жол кырсыгы 6-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылында болгон.
"25 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну К.Э. өзүнүн Honda Airwave үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн-түштүккө карай бара жатып, алдынан чыккан С.А. аттуу жаранга тийиштүү Honda Fit үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөр жабыркаган. Алар 53 жаштагы М.А. жана 32 жаштагы П.Д., 1979-жылы туулган Ж.А. Ош облустук ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Ал эми Honda Fit унаасынын жүргүнчүсү 43 жаштагы С.Н. алган жаракаттарынан улам окуя катталган жерде каза болгон. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүүдө.