АКШда үлпөт тойго бара жаткан лимузин жол кырсыгына кабылып 20 адам каза болду

АКШнын Нью-Йорк шаарынын чет жагында үйлөнүү үлпөт тойго бараткан лимузин кырсыкка кабылып, 20 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, лимузиндин айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен.

"Жол кырсыгынан лимузиндин ичиндегилер гана эмес, жол четинде турган жөө жүргүнчүлөр да жабыркап, арасында көз жумгандары да бар", - деп жазылган маалыматта.

Азыркы тапта окуя болгон жерде куткаруу жана полиция кызматы иштеп, окуянын чоо-жайы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2018-10-08 22:49:57
Аянычтуу окуя, кырсык дейбизби, өтө жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан