SUPER TV`нын “Жылдыздар кесибин алмаштырат” рубрикасынын кезектеги чыгарылышы өткөн аптадагы каарман “Жебе” тобунун солисти Кумардын тапшырмасы боюнча курулуш тармагына байланыштуу. Анда ырчы Ильяз Андаш бир күндүк убактысын бөлүп, бир бөлмөнүн ичин шыбаганга үлгүрдү.
"Буга чейин айылдагы үйдү салууга жардамдашкам. Анда кичинекей болгондуктан курулушка жардам берүүдөн кача берчү элем. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде жашайбыз. Жакынкы жылдары үй салуу ниетибиз бар. Албетте, үй куруу оңой жумуш эмес. Бирок өзүң, балдарың, үй-бүлөң жашай турган үйдү куруу - бул өзүнчө ырахат болсо керек", - дейт ырчы.
Ырчынын курулуш тармагындагы жөндөмүн видеоматериалдан байкаңыз.