Чолпон-Атада 1 жума мурун муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүүнү издөө иштери улантылууда

Чолпон-Ата шаарында 1 жума мурун муунтулуп өлтүрүлгөн баланын өлүмүнө шектүүнү издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

"Баланы муунтуп өлтүрүүгө шектелген адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти облустук милициядан.

Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга жергиликтүү тургундардын бири арыз менен кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jakjakynas
2018-10-09 07:13:14
Жаш балада эмне очунор бар.кыздарга тийишесин, балдарды олтуросун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан