Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда мугалимдерди мажбурлап концерт, спектаклдерге билет алдырышууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Айыл жергесинде мугалимдердин айлык маянасы аз. Ошого карабастан Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү октябрь айынын башында эле мугалимдерди концертке билеттерди алууга милдеттендирип жатат. Чынара Дооранованын концертине жана Барпы театрына билеттердин ар бири 100 сомдон сатылды. 2-октябрда "Адашкан адам" спектакли коюлду. Ага акчасын топтоп бердик. Көрүүчүлөр аз болгону үчүн "Чынара Дооранованын концертин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы көзөмөлдөйт, баргыла" деп жатышат.
Театрга бошобой калып, барган жокпуз. Ал эми концертке сөзсүз түрдө баруу керек деген райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу болду. Ар бир мектепке билеттер мугалимдердин санына жараша бөлүнүп берилди. Мугалимдердин "менин убактым жок" дегенине карабай акчасын бериңиз дешти. Ушинтип концерт койбой эле коюшпайбы?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.