Өзбекстандын Термез шаарында 17 жаштагы кош бойлуу кыз жигиттин ата-энесинин каршылыгынан улам асынып алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 22-сентябрда Термез шаарында болгон. Анда колледждердин биринде окуган 17 жаштагы студент кыздын кош бойлуу экендиги билинген. Мындан соң кызды жакындары жигитинин үйүнө жеткирип беришкен. Бирок жигиттин атасы каршылык көрсөтүп, кызды үйүнө кайтарган. Кыздын атасы аны баланын үйүнө апасы менен эжесине кошуп экинчи ирет алып барып таштап келген. Анда да 18 жаштагы жигиттин атасы "үйгө курсагында баласы бар келин кирбейт" деп кайра үйүнө жеткирип барышкан. Кыз ызасына чыдабай мал сарайга барып муунуп калган.
Кыздын атасы ал колледжде чогуу окуган курсташынан кош бойлуу болуп калганын айтып чыккан.
"Анын эки айлык боюнда бар болчу. Ал уят болгонуна чыдабай ушундай кадамга барды. Анын үстүнө ал жигити жоголуп кетти. Буга чейин аймактык комитетине, милицияга кайрылганбыз. Биз ал экөөнүн баш кошуусуна уруксат сураганбыз. Бирок эч ким буга олуттуу караган жок, милиция бул факт боюнча кылмыш ишин козгогон жок. Алар кызым да жигит да өз эрки менен бул кадамга баргандарын айтып, тим болушту. Эгер тиешелүү мекемелер бизге баланын ата-энеси менен тил табышканга жардам берсе мындай иш болбойт болчу", - деп билдирген кыздын атасы.
Бул факт боюнча милициядан "кыз зордукталган эмес, ошол себептен кылмыш иши козголгон жок" деген жооп кайтарышкан.