Бишкекте батирди тоногон топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын август айында Бишкек шаарынын тургуну Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Арызда батирине ууруга кирген жарандар анын алтын буюмдарын жана акчасын уурдап кеткенин жазган. Ошондой эле ал жалпы ага 75 миң сомдук чыгым келтирилгенин айтып, тийиштүү чара колдонуп берүүнү өтүнгөн.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "уурдоо" беренеси менен иш козголуп, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында шектүү катары 26 жаштагы Т.Н. жана А.А. кармалып, алгачкы суракта алар окуяга тийиштиги бар дагы бир шектүү бар экенин айтышкан. Мындан улам ыкчам тергөө тобу 34 жаштагы И.у.И. кармалып, ал Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган. Учурда шектүүлөр 2 айга камакка алынып, тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.