АКШнын Миссури штатындагы Салин аймагында А.Муминов аттуу Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчиликтин маалыматына таянып кабарлады.
Кырсык 4-октябрга караган түнү саат 2:29 чамаларында Миссури штатындагы Салин аймагында болгон. Анда Муминов Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен баратып, оор жүк ташыган Фрайтлайнер үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшө кеткен. Натыйжада Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Айрым маалыматтарга караганда, анын кырсыкка кабылганын уккан жубайы дагы Чикаго штатынан Миссури штатына баратып кырсыкка кабылган. Кырсыктан баш мээси чайкалып, колунан жаракат алган.
Учурда АКШ жана Канадада жашап, ага жардам берүүнү каалагандар атайын акча чогултуп жатышканы кабарланды.