"60K" тобунун солисти Талант Кадыров 6-октябрь күнү тушоо кесүү концертин тартуулап, күйөрмандарын сүйүнттү. Ага ырчынын сахналаш достору Урмат Усенов, Неля, Султан Садыралиев, Ильяз Абдыразаков, Нурлан Насип, Айя Садырова жана башкалар катышып, алгачкы жолу концерт коюп жаткан "60K" тобунун солистин куттуктап, айрымдары аны менен бирге дуэт аткарып жатышты.
"Концертке жакшы даярданганым менен элден бир аз сүрдөдүм" деген ырчынын концертинде спорт сарайынын 90 пайызы көрүүчүгө толду.
Ырчы сахнага чыккан сайын кийип жүргөн формаларын алмаштырып, ырларын берилүү менен аткарып, күйөрмандарынын колдоосуна арзып жатты. Ошондой эле сахна жасалгасы менен атайын колдонулган анимация элге жагымдуу маанай тартуулады.
Ырчынын концертинен жасалган репортажды көрүү үчүн төмөнкү видеоматериалга баш багыңыз.