Бүгүнкү күндө убакыт - өзгөчө баалуу актив. Унаа тыгындары, бүтпөгөн кезек күтүүлөр жана оператор жооп бергенге чейин линияда дагы 30 мүнөт күтүп туруу - булар эми өткөн чак. Баарына жашоону жеңилдетүү үчүн чыгарылган заманбап технологиялар жана инновациялык чечимдер себеп. Анткени убакыттан өткөн баалуу нерсе жок эмеспи.
Прогресс саякаттоону да четте калтырган жок. Оштон Бишкекке келүү үчүн 12 саат жол жүрбөй 30 мүнөттө келүү? Бул оңой жана жеткиликтүү. Өзгөчө "Эйр Манас" менен биргеликте. Арийне саякаттоо гана эмес, билет алуу да ылдам. Саякаттоону пландап жатканда авиакассага жетүү үчүн шаардын бир четинен экинчи четине баруу милдеттүү эмес, билетти үйдө отуруп деле сатып алса болот. Жадакалса жакынкы супермаркеттен да алууга мүмкүн.
Эми билеттерди үйдөгү компьютер аркылуу же ыңгайлуу жерде жайгашкан төлөм терминалдарынын алдынан телефон аркылуу брондоп, терминалдын тийиштүү бетине брондун маалыматтарын жазып сатып алса болот. Терминалда 1-2 жолу басуу, акча салуу анан билет сиздики. Диванда отуруп эле билет алууну каалагандар үчүн Мобильник электрондук капчыгы аркылуу сатып алуу жолу бар. Акча.
Толук маалымат алуу үчүн: www.airmanas.com
Маалымат үчүн: "Эйр Манас" – ички жана эл аралык каттамдарда кызмат көрсөткөн атамекендик авиакомпания. Азыркы тапта "Эйр Манас" - эл аралык IOSA сертификатын алган Кыргыз жериндеги жалгыз авиакомпания. Бул учуулардын коопсуздугу жогорку деңгээлде экенин жана эл аралык стандарттарга жооп берерин айгинелейт.