Мексикада аял күйөөсү менен 20 аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Алар адамдын дене мүчөлөрүн коляска менен алып баратканда колго түшкөн

Мексикада 20 аялды өлтүрүүгө шектелип аял-күйөөсү кармалды. Алар аялдын дене мүчөлөрүн коляска менен алып баратканда колго түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Кылмышка шектүү катары кармалган Хуан Карлос жана анын Патриция аттуу аялы кармалган. Алар өлтүрүлгөн аялдын дене мүчөлөрүн коляскага салып сүйрөп бараткан жеринен кармалган. Соттук угууда кылмышка шектүү Мехико районунда жашаган 20 аялды өлтүргөнүн айтып чыккан. Ошондой эле ал айрымдарын өлтүрүү алдында зордуктаганын да моюнуна алган.

Кылмышка шектүүлөрдүн батирин тинтүү учурунда андан алыс эмес жайгашкан үйдөн бир нече адамдын майдаланган дене мүчөлөрү табылган. Алар желим баштыктарга салынып, үстүнөн цемент менен куюлуп чакаларда жана муздаткычта сакталып турган. Ошондой эле ал үйдөн буга чейин дайынсыз жоголгон аялдардын кийимдери да табылган. Прокуратура кылмышка шектүүлөр өлтүрүлгөн аялдардын ички органдары сатылып келгенин ачыктады. Бирок кимге сатылып келгендери айтылган эмес.

Хуан Карлос тергөөдө Ненси Уитрон, 23 жаштагы Арлет Олгуин жана 29 жаштагы Эвелина Рохас аттуу жалгыз бой энелерди өлтүргөнүн моюнуна алган. 3 ай мурун дайынсыз жоголуп, кийин өлтүрүлгөн бул үч аял жаш балдары менен жалгыз жашап келгендери аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү аял-күйөөсү жалгыз бой энелерди "арзан баада балдардын кийимин сатабыз" деп үйүнө чакырып, кийин аларды өлтүргөн.

Айыпталуучулардын кошуналары аларды көп жолу көчөдөн коляска сүйрөп баратканын билдиришкен. Кылмышкерлер колго түшүрүлгөндөн кийин Хуан Карлос журналисттерге чыгуу алдында жуунуп жана костюм кийип алууну өтүнгөн. Ал "мен кир кылмышкер эмесмин" деп айткан. Мехико штатынын прокурору Алехандро Гомес кылмышка шектелип кармалган аялы менен күйөөсү психикалык оору менен ооруганын билдирген.

Мехико дайынсыз жоголгон аялдардын саны боюнча биринчи орунда турат. Январь-апрель ай аралыгында 395 адам дайынсыз жоголгон, анын ичинен 207си аялдар болгон. БУУнун маалыматына ылайык, мурдагы жылы Мексикада 28 миң 700 адам өлтүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
wirintai27
2018-10-09 17:53:33
Мыкаачылар!!!Омуру жакшылык корбой калгыла !
+2
engel
2018-10-09 19:07:04
Кудаай бул жашоо кайда эле баратат...
+3
kechirmeni
2018-10-10 08:51:06
Кудай сактасын, кинодогудай болуптур да, Мексиканын киносунда деле наркотик.., адам олтуруп аткан
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан