ЭЛДИК КАБАР: "Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа сүзүшүп, 1 адам каза болуп, экөө ооруканага жеткирилди" дейт окурман

Бишкек-Ош жолунда үч унаа кагылышып, жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болуп, экөө ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош-Бишкек унаа жолундагы Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Кыпчак-Талаа айылында 6-октябрда катталган.

"Анда Ош багытын көздөй бараткан ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп каршы тилкеде келе жаткан Тойота РАВ үлгүсүндөгү унааны жана анын артындагы Фольксваген Гольф унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми эки унаанын айдоочулары Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген", - дейт окурман өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан