Түркиянын Трабзон шаарындагы ондогон мейманкана, ресторан, кафелерге жүргүзүлгөн рейддин алкагында сойкулук менен алектенет деп шектелген 63 чет өлкөлүк жаран кармалган. Мындай маалыматты Түркиянын Haberler.com. басылмасы жарыялады. Кармалган жарандардын баары - КМШ өлкөлөрүнөн баргандар.
"Трабзон шаарынын полиция департаменти 10 Орусиянын жаранын, 14 Өзбекстан, 19 Азербайжан, 6 Грузия, 7 Украина, 1 Тажик, 1 Молдова жана 5 Кыргыз жаранын кармаган. Булардын баары Түркиянын коомдук коопсуздук бюросуна жеткирилип, андан 61 аял мекенине депортация кылынды. Калган үчөөнүн маселеси чечилүүдө", - деп жазат түркиялык басылма.
Маалымат үчүн: Трабзон шаары - Кара деңиздин жээгиндеги ажайып кооз жайлары көп, туристтер көп тартылган соода-сатык кызуу өнүккөн шаар. Мезгилинде Улуу Жибек Жолу бул шаар аркылуу өткөндүктөн соода-сатык өнүгүп, бай адамдар имараттарды, сыйынуучу жайларды көп курдурган. Соода иштерин жасаганы келген башка улуттагы адамдар көп отурукташып, бүгүнкү күнгө чейин эски имараттар сакталып калган жана көп улуттуу шаар болуп эсептелет.