Кыргыз эстрада ырчысы Бактыгүл Бадыева көз жарып, үчүнчү ирет кыздуу болду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты: "Кечээ кечинде кыздуу болдук. Төрөт жеңил өтпөйт да, кыйналдым. Бирок, Кудайга шүгүр, учурда кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Салмагы, бою тууралуу айтпай турууну туура көрдүм. Үйгө аман-эсен чыгып алалы", - дейт ырчы айым.
Айта кетсек, ырчы айым 2013-жылы жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыккан. Түгөйлөр Ширин жана Эркеле аттуу кыздарды тарбиялап келет.