Кечээ интернет айдыңында Мирбек Атабеков менен казак ырчысы Камшат Жолдыбаеванын биргеликте аткарылган "Тыңда мени" ырына тартылган клип жарыкка чыкты. Бир суткага жетпеген убакыттын ичинде жүз миңге жакын кароо болуп, клипти көргөндөр эки жээкке бөлүндү. Жарымы Атабековдун актёрлук чеберчилигин мактап айтышса, экинчи бөлүгү “Мирбектен мындайды күткөн эмеспиз”, “мындай ачык, уят клипте Мирбек тартылганы жарашпаптыр” деп жазгандар. Клип тууралуу ырчыга байланышып, кыскача маек курдук.
- Саламатсызбы? Элдин талкуусуна түшкөн клип тууралуу айта кетсеңиз?
- Кабатырлануунун кажети жок... (күлүп), клипти тартуу учурунда жубайым жанымда болчу. Негизи жубайым Камшат менен бирге ырдап чыкпайсыңбы деп өзү сунуштап келчү. “Сен өлкө аймагынан сырткары да таанымалсың, башка өлкөлөрдүн ырчылары менен да ырда” деп көп айтчу. Клип тартуу учурунда жубайым жанымда болду. Ал мени колдоп, кеп-кеңешин берип турду. Негизи эми баарыбыз эле кызганчаакпыз да... Кызганса керек деп ойлойм, бирок анысын билдирген жок. Муну жумуш катары эле кабыл алды. Айта кетчү нерсе, мен клипте режиссёрдун талабын гана аткардым. Сценарийге тиешем жок, режиссёр клипте “Өбүшкүлө, кучакташкыла” деп жатты, бирок мен аны аткарган жокмун.
- Клипти тартууга канча убакыт кетти?
- Клип өзү 3 күн аралыгында тартылып бүттү. Ал эми клипти тартууга болгон даярдоо процессине жалпысынан 1 ай убакыт сарпталды. Жеке мен клипке тартылуу үчүн биринчи жолу 4 күнгө баргам, кийин дагы барууга туура келди. Репетицияларга катышып, каскадёрлор мага кандай мушташуу керектигин көрсөтүп, үйрөтүп, кызуу даярдык көрдүк. Негизи бул клипти тарткан “Студия “567 cl” өтө беделдүү жана белгилүү, алар аябай кымбат клиптерди тартышат. Алар Орусиянын аймагында да клиптерди тартып келишет. Казакстандагы бир топ белгилүү ырчылардын клиптерин да тартышкан.
- Клиптин сценарийи тууралуу айта кетсеңиз?
- Камшат Жолдыбаева менен биргеликте аткарылган дуэт болгондуктан сценарийдин баарын клипти тарткан студиянын режиссёру Ернар Нургалиевге таандык. Алардын талаптары өтө күчтүү экен. Бул эмгекти клип катары эмес, кино катары кабыл алуу керек.
- Интернеттен клипти көргөндөр сизди мактап жатышат, ошондой эле арасында “уят” деп сынга алгандар да арбын. Комментарийлер тууралуу айтсаңыз.
- Негизи клипте ачык нерселер деле жок. Клипти көргөндөрдүн басымдуу бөлүгү жакшы эле кабыл алышты. Жаман комментарийлерди жазгандарды деле туура эле кабыл алам. Күйөрмандарыма айтарым, клипте өзүмдү ырчы эмес, актёр катары сынадым.