Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу Бекболсун Кушубаков коло медалды багындырды. 7-июлда эркектер арасындагы бел боо күрөшү боюнча мелдеште 7 сыйлык коюлуп, кыргызстандык спортчу 100 килограмм салмактан жогорку категорияда таймашка чыккан. Алгачкы кармашууда Кушубаков израилдик Грегор Руделсон менен беттешип, жеңген. Бирок кийинки беттеште монголиялык Сугаржаргал Болдпуревден жеңилип калган. Көңүл жубатуучу мелдеште кыргызстандык спортчу алгач орусиялык Владислав Гудовскийди, коло медаль үчүн болгон беттеште армениялык спортчу Азат Абрамянды жеңди.