Кыргыз-Кытай чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 07:48 чамасында катталган. Анын очогу Кыргыз-Кытай чектешкен аймакта орун алып, 4,5 баллга жеткен. Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.