Казакстанда 4 улуттун төкмөлөрү катышкан эл аралык айтыш сынагы өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.
Белгилүү болгондой, Астана шаарынын 20 жылдыгына карата 4 өлкөнүн төкмөлөрү катышкан эл аралык "Жыр аркауы - Астана" деп аталган айтыш сынагы өтөт.
"Аталган айтыш 20-октябрда өтөт. Анда кыргыз, казак, кытай жана монгол акындары айтышка чыгат. Сынакка акын жана мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Үлыкбек Есдаулет, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Жүрсин Ерман, филология илимдеринин доктору, профессор Дихан Камзабекулы, тарых илимдеринин доктору, Түрк профессору Абдулвахап Кара, монголиялык акын, жазуучу Шынай Рахметулы жана төкмө акын Асия Беркенова калыстык кылышат", - деп билдирди Маратов.
Сынакка жалпы канча акын катышары азырынча белгисиз. Айтыштын байге фонду 2 миллион 800 миң сом (15 миллион теңге), ал эми баш байге болгон 932 миң сомду (5 миллион тенге) 2 акын бөлүп алат.