Сузак районунда автоунаасы менен каналга түшүп кеткен айдоочу каза болду
Сузак районунда автоунаасы менен каналга түшүп кеткен айдоочу каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык 7-июль күнү саат 03:10 чамасында болгон. Жалал-Абад - Барпы багыты боюнча бара жаткан Тико унаасы Кемпир-Абад суу каналына түшүп кеткен. Жалал-Абаддагы ӨКМнын куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, унааны суудан алып чыгышты жана айдоочу С.Абдуллаевдин денесин РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.