"Клип тартабыз деп соттолуп кете жаздаганбыз" дейт "Супер хитке" "Шоколад" чыгармасы кошулган Курал Чокоев

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы видеоклип толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Курал Чокоевдин "Шоколад" аттуу клиби кошулду. Ырчы мырза клип тартуу учурундагы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

"Клип Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында пирамиданын боорунда тартылган. Клип тартуу учурунда аз жерден соттолуп кете жаздаганбыз. Анткени пирамидалардын жанынан профессионалдуу камера менен видео тартууга тыюу салынган экен. Биз аны билбей эле тартып жатсак полиция кызматкерлери келип кармап, полиция бөлүмүнө алып барып суракка алып, эс-тутум картасындагы видеолорду өчүртүп анан коё беришкен. Ал эми эс-тутум картасындагы кадрларды кайра калыбына келтирип алса болот экен, бул жакка келгенден кийин видеону кайра калыбына келтирип кадрга кошуп алганбыз. Негизинен ал жакка атайын клип тартуу үчүн эмес, эс алуу үчүн 8 күнгө барганбыз. Ошол эс алып жүргөн учурда эле жакшы жерлерден тарта келгенбиз", - дейт ырчы.

3-ОКТЯБРДАН 10-ОКТЯБРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Айдин Шердин аткаруусундагы "Толкундайм" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп сынактан четтетилди.

9-орун - Мээрим Карыпова менен Таалай Иманкуловдун "Айтсаң боло" видеокомпозициясына буюрган.

8-орунду - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" чыгармасы ээлеген.

7-орунда - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы жайгашкан.

6-орун - Жийдеш Идирисованын "Наринай" видеокомпозициясына буюрган.

5-орунду - Арсендин "Арнадым сага" чыгармасы ээлеген.

4-орунда - Кайрат Примбердиев менен Бегиштин аткаруусундагы "Барам кечинде" клиби жайгашкан.

3-орун - Ильяз Абдыразаковдун "Ай, жеңеке" чыгармасы алдыңкы үч илтикте орун алган.

2-орунду - Эдил Маматовдун аткаруусундагы "Кайда?" чыгармасы ээлеген.

1-орун - Таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын аткаруусундагы "Бакытымсың" клиби бул жумада да эң көп добушка ээ болуп, экинчи ирет жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан