Ош-Исфана жолунда унаа 17 баш койду сүзүп кетти

Ош-Исфана унаа жолунда жеңил унаа 17 баш койду сүзүп кетти. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-октябрда саат 19:30 чамасында Кадамжай районунун Алга аймагында катталган.

"Анда Opel Astra унаасы жолдогу койлорду сүзгөн. Анда бир баш кой өлүп, 9 баш жабыр тарткан койду ошол жерден адалдоо максатында адамдар мууздап коюшкан. Ал эми дагы 7 баш койдун колу-буту сынгандыктан аларды ээлери алып кетишкен. Кырсыктан айдоочу жана жүргүнчүлөр жабыркаган эмес", - деди аталган бөлүмдөн.

Учурда бул окуя боюнча Кадамжай РИИБи чыгымдарды эсептеп, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
CEO1
2018-10-10 13:33:35
Адырандабай акырын айдаса болот го унаасын?! Дагы жакшы бешенеси бар экен, адам сузуп кетсе эмне болот эле?!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан