Чүйдө 19 жаштагы кызды алабай тиштеп алды. Кыздын атасы иттин ээсине карата арыз жазды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 19 жаштагы кызды алабай тиштеп алды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, окуя 28-сентябрда Новопокровка айылындагы көчөлөрдүн бириндеги үйдө катталган.

"Бул окуя боюнча 29-сентябрда кыздын атасы арыз менен Ысык-Ата РИИБине кайрылган. Арызда кызын кошунанын ити тиштеп алганын жазган. Бул факты боюнча күбөлөрдөн тийиштүү көрсөтмөлөр алынып, экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен РИИБ бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Учурда факты Ысык-Ата РИИБинин коомдук коопсуздук кызматына берилип, каралууда", - деди басма сөз кызматкери.

Учурда жабырлануучу ооруканада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kazakov1991
2018-10-10 20:30:27
итти соттоп бергиле
-2
taalay25
2018-10-11 08:40:20
kazakov1991, итти сен соттойсун ээсине чара колдонуш керек болчу
+4
barakcha
2018-10-11 08:32:40
Мындай тиштенээк итти байлаш керек!Болбосо жабыркаган тарап ал итти атып салсын!
+5
Modric10
2018-10-11 22:34:57
алабайдын ээси да бир алабай болуш керек.карапайым адамдар жакшына эле кыргыз ит багат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан