Ошто жол тандабас менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүштү. Кырсыктан бир адам каза болуп, экөө ооруканага түштү

Ош облусунун Ноокат районунда жол тандабас менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-октябрда саат 13:30 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун, тактап айтканда, Ноокат районунун Шарон айылында катталган.

"Жол тандабас унаасын 27 жаштагы Ош шаарынын тургуну Э.М. башкарып бара жаткан. Унаа каршы тилкеге чыкканда күйүүчү май ташыган унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен май ташыган унаа оодарылып, эки унаанын тең айдоочулары денесинен жаракат алган. Жол тандабас унаасында бара жаткан 27 жаштагы жүргүнчү алган жаракаттарынан улам каза болгон. Учурда айдоочулар аймактык ооруканага жеткирилип, бул факты боюнча Ноокат РИИБи тийиштүү экспертизаны дайындап, тергөө иштерин баштады", - деп билдирет маалымат кызматы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fanatic
2018-10-11 15:34:26
Админ. Ким куноолу болду так маалымат бергилечи??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан