Чүйдө дайынсыз жоголгон бир туугандар жана алар менен кошо үйдөн чыккан тууганы изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жоголгон балдардын апасы кайрылган. Ал 2000-жылы туулган уулу Ырысбек Султановду (Максүталиевич), 1999-жылы туулган Альбина Максүталы кызы жана алардын тууганы 2001-жылы туулган Алина Канат кызын табууга жардам берүүнү суранган.
Белгилүү болгондой, алар 2018-жылдын 17-сентябрында Кырман конушундагы үйүнөн Мерседес-Бенц-210 үлгүсүндөгү унаа менен чыгып, кайра келишкен эмес. Кийинчерээк унаа Келечек конушунан табылган.
Ырысбек Султанов Максүталиевич - бою 160-162 сантиметр, дене түзүлүшү арык, чачы кара.
Альбина Максүталы кызы - бою 150-155 сантиметр, дене түзүлүшү арык, чачы кара. Өзгөчө белгиси ичинде операция жасалгандан кийинки тырык (аппендицит) бар.
Алина Канат кызы - бою 150-155 сантиметр, чачы күрөң түстө.
Дайынсыз болуп жаткандар тууралуу маалыматты билгендер 0 (312) 36-35-27, 0 (312)36-35-23, 0 (550) 51-09-05, 0 (704) 31-25-05, 0 (552) 90-91-63 же 102 номери аркылуу байланышса болот.