Бишкек ШИИББи киши колдуу каза болгон эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкек ШИИББи борбордогу өлүкканага жеткирилген жансыз дененин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт. Мындай маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Октябрь РИИБинин кызматкерлерине борбордогу өлүкканага азиат түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси алынып келгени тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматта каза болгон жарандын жашы болжол менен 30-35 чамасында, анын денесинде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгилер бар экендиги айтылган.

"Каза болгон адам үстүнө күрөң түстөгү футболка, көк түстөгү спорттук шым жана бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Сүрөттөгү адамды тааныгандар болсо милицияга кабарлап коюусун өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Байланыш үчүн номерлер: 0 550 102 853, 0 (312) 544 116

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jigitchem
2018-10-10 21:32:50
Биометрикалык кылып колун манжасын алса болбойбу яя. Аты жону чыгып калат деп эле атышпады беле
+6
kani-esen
2018-10-10 23:22:36
Качан болуптур. Ай кунун так жазбайсынарбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан