Чаткал районунда бала бакча толугу менен күйүп кетти

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бала бакча өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында катталган. Анда жалпы аянты 540 чарчы метрди түзгөн “Ак Шоола” бала бакчасы толугу менен күйүп кеткен. Өрт таңкы саат 4:45те толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар болгон эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан