Жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында Кыргызстан 6 медалга ээ болду

Уруш искусствосу боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 6 медалга ээ болушту. Алар: 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Алтын медалды 63,5 килограммга чейинки салмактагылар арасында беттешүүгө чыккан кикбоксчу Алексей Федосеев жеңип алды. Сталбек Дарканбаев (71 кг) күмүш , Кумар Жалиев (81 кг) коло , Уланбек Касымбеков (57 кг) коло медалдарына ээ болушту. Ошондой эле Алексей Кибкало жана Татьяна Когадейден турган бий жуптары латын-америкалык стилинде 3-орунга татыктуу болушкан. Ал эми Данияр Кашкараев тай боксу боюнча (57 кг) күмүш медаль алган. Эскерте кетсек, Азия оюндары Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында өтүп жатат. Анда Кыргызстандан спорттун 5 түрү боюнча спортчулар катышууда. Жогоруда аты аталган спортчулар кечээ кечинде Кыргызстанга учуп келишти.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан