Дүйнөлүк Универсиада: Кыргызстан 2 алтын, 2 коло медалды багындырып, 6-орунда келе жатат

Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада Кыргызстан 6-орунда келе жатат. Белгилүү болгондой, Универсиаданын 1-күнүндөгү мелдеште 27 медаль жеңиш ээлерине ыйгарылган. Кыргызстандык спортчулар бел боо күрөшү боюнча 2 алтын жана 2 коло медалды багындыра алышты. Эске салсак, жалпы командалык орундар боюнча Орусия (7 алтын, 2 күмүш, 8 коло) 17 медалды багындырып, алдынкы орунда келе жатат. Андан соң 4 медаль (3 алтын, 1 коло) менен Түштүк Корея өлкөсү. 8 медаль (2 алтын, 4 күмүш жана 2 коло) жеңген Кытай кийинки орунда. 4-орунга Япония өлкөсү 6 медаль (2 алтын, 1 күмүш, 3 коло) менен чыкты. Германия 5-орунду камсыз кылып, 4 медалга (2 алтын, 1 күмүш, 1 коло) ээ болгон. Кыргызстан курама командасы 2 алтын, 2 коло болуп, жалпысынан 4 медаль менен 6-орунда келе жатат. Аталган жайкы Универсиадада спорттун 27 түрү боюнча 162 өлкөнүн өкүлдөрү күч сынашууда. Жеңүүчүлөргө жалпысынан 350 медаль топтому тапшырылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ulanbek1992
2013-07-08 11:15:06
канча команда бар?
0
admin_superstan
2013-07-08 11:48:41
Ulanbek1992, Саламатсызбы!
Кабарга кошумча маалымат киргизилди. Сурооңузга жооп таба аласыз деген ойдобуз.
0
sakibaev
2013-07-08 11:27:25
Толкун болот дениздин кучту жерти Толкундай бол кыргызымдын жигиттери .ырахмат силерге кыргыз балбандары игилик силерге
0
ainabaz82
2013-07-08 11:46:39
уланбек92 169 олконун окулдору катышып жатат.
0
aibek92
2013-07-08 13:33:54
молодцы калпак башынардан тушпосун
0
ermek91
2013-07-08 19:58:07
Акнов нурбек брат алга карадарья!!!!
0
uty
2013-07-08 21:19:19
кандай жакшы кабар азаматтар
0
betman
2013-07-08 23:10:44
Спорттун кайсы турунон медаль алышканын жазгылачы!!!!!!!!!!!!!!
0
admin_superstan
2013-07-09 11:57:33
betman, Саламатсызбы!
Сурооңузга жоопту бул шилтемелер аркылуу ала аласыз:
http://www.super.kg/kabar/?action=janylyk_show&janylyk_id=24979

http://www.super.kg/kabar/?action=janylyk_show&janylyk_id=24965

http://www.super.kg/kabar/?action=janylyk_show&janylyk_id=24823
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан