Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 32 жаштагы аял 11 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп алды. Мындай маалыматты Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктап, учурда окуя толук иликтенип жатканын айтты.
Аталган бөлүмдүн ага тескөөчүсү Темирлан Мирсадык уулунун айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 11-октябрь күнү саат 12:30 чамасында катталган.
"Анда Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мектепке бара жаткан окуучу кызды сүзгөн. Жабырлануучу кыз алган жаракаттарынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу кырсыктан кийин нес абалда болуп ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери териштирилүүдө", - деди Мирсадык уулу.