Англиянын Стратфорд-апон-Эйвон (Эйвон дарыясындагы Стартфорд) шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармаларынан үзүндүлөр коюлду. Мындай иш-чараны Кыргыз өлкөсүнүн Улуу Британиядагы элчилиги менен жергиликтүү Шекспир атындагы фонд биргеликте уюштурган. Иш-чараны өткөрүү үчүн Кыргыз өлкөсүнөн атайын актёрлор чакырылган. Алар сахнада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндү коюшту.
Чыгармадагы башкы каармандардын бири Субанкулдун ролун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков ойносо, Толгонайдын ролун Улуу Британиядагы "Орзу Артс" Борбордук Азия театрынын актрисасы Кейти Травельян аткарган. Спектаклди аталган театрдын режиссёру Юлдош Журабоев койду.
Шекспир атындагы фонддун өкүлдөрү маданий иш-чаранын алкагында Уильям Шекспирдин чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. Ал эми Кыргыздан барган актёр Алымкул Исаков Шекспирдин "Ричард III" спектаклинен үзүндү аткарды. "Уильям Шекспирдин кичи мекени Стратфорд-апон-Эйвон шаарында кыргыз таланттарынын койгон спектаклдери көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты", - дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков.
"Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасынан үзүндү ойнодук. Англиялык искусство өкүлдөрү менен иштешүү биздин алгачкы ишибиз эмес. Буга чейин дагы мындай биргелешкен спектаклдерди коюп келгенбиз. Буюрса, ушул жылдын декабрь айында ушул эле чыгарманын толук версиясын мен жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Жаңылай Исакова, "Орзу Артс" Борбордук Азия театрынын актрисасы Кейти Травельян менен биргеликте Англиянын парламентинин алдында коёбуз", - деди Алымкул Исаков.
Маданий иш-чаранын алкагында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени - Кыргыз жеринин кооз жана кызыктуу жерлери, маданияты тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.