КИНОЗАЛ: Эксклюзив! "Музаман" тобунун жандуу үн менен өткөн концерти SUPER.KG порталында
SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө "Музаман" тобунун ушул жылдын март айында койгон тушоо кесүү концерти жүктөлдү.
Концерт ушул жылдын 5-мартында Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн.
"Концертке толугу менен 5 ай убакыт даярдандык. Бул концерттин өзгөчөлүгү жандуу үн менен ырдаганыбыз, алып баруучунун жоктугу, баштан-аяк өзүбүз ырдаганыбыз болду. Ошондой эле концерттин жарым бөлүгүндө театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлсө, жарымы концерттик программа менен коштолгон. Көрүүчүлөр залдын 100 пайызын камтыган" дейт "Музаман" тобунун солисти Алымкул Мамырбаев.
Белгилей кетсек, 3 жигитти жеке концерти менен куттуктап эстрада ырчылары Майрамбек Осмонов, Курал Чокоев, Ишен Назаров жана "ДЕМ" театры келген. Аталган театр көрүүчүлөргө "Тажаалдар таймашы" аталышындагы тамашалуу оюнун тартуулашып келген элдин көңүлүн көтөрүшкөн. "Музамандын" мукам үндүү жигиттери роялдын коштоосунда кыргыз элине сиңип калган таанымал авторлордун ырларын жандуу аткарышып, көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна ээ болушкан. Концерттин соңунда "Музаман" тобу акын Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган Шамшыбек Өтөбаевдин "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата журт" ырын аткарып, жыйынтыкташкан.
Концертти көрүү үчүн шилтеме менен өтүңүз.