Бишкек ШИИББи жансыз денеси табылып, борбордогу өлүксактоочу жайга жеткирилген адамдын туугандары табылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумдун туугандары аны интернет аркылуу көрүп, тергөө тобуна байланышка чыгышкан. Анын денесинде киши колдуу каза болгон белгилер бар экени аныкталгандыктан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "адам өлтүрүү" боюнча иш козголгон. Учурда бул кылмышка шектүү кармалып, эки айга камакка алынып, тергөө иштери башталды.
Эске салсак, Октябрь РИИБинин кызматкерлерине борбордогу өлүкканага азиат түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси алынып келгени тууралуу маалымат түшкөн.